Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан импорттойт


Өлкөнү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Кыргызстан коңшу Казакстан менен 100 мегаватт өлчөмүндө электр энергиясын импорттойт. Бул тууралуу премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев 2-январдагы Токтогул ГЭСиндеги көчмө жыйында билдирди.

- Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында Казакстандан электр энергиясын импорттоо тууралуу сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Учурда Экибастус ГРЕСинин жетекчилиги менен алдын ала келишимге кол коюлду.

28-декабрда ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн эле. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилген. Нарын дарыясынын боюндагы кичи ГЭСтерди ишке киргизүү менен чектөө алып салынган.

30-декабрда президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрди кабыл алып, электр энергиясын импорттоо үчүн келишимдерди түзүү ишин создуктургандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги кароону тапшырган. (SDz)

XS
SM
MD
LG