Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Трамп ИМ үчүн Обама менен Клинтонду айыптады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Америкалык бизнесмен Дональд Трамп АКШ президенти Барак Обаманы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун түзүүгө жол берген деп айыптады. АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп ушундай эле айыпты мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун дарегине да жолдоду.

Миссисипи штатынын Билокси шаарындагы кайрылуусунда миллиардер Трамп:

- Алар “Ислам мамлекетин” түзүшкөн. Мунун баары Хиллари Клинтон менен Обаманын кылганы, – деди.

Бирок ал ИМ кантип түзүлгөнү тууралуу эч кандай негиз келтирген жок.

Дональд Трамп чуулгандуу билдирүүлөрү менен белгилүү. Алсак, ошол эле Билоксиде “Хиллари Клинтон өздүк электрондук дареги аркылуу кызматтык каттарды жазышканы үчүн түрмөдө отурушу керек”, - деген да пикирин айтты.

Декабрь айында Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен бири бирине жылуу сөздөрдү жолдогону менен эсте калган. Путин аны АКШ президенттигине талапкерлер арасында алдыда келатканын айтса, Трамп журналисттерге Путин АКШнын азыркы президентине салыштырмалуу чыныгы лидер деп жооп кайтарган. (SDz)

XS
SM
MD
LG