Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:12

Би-Би-Си сайтына хакердик чабуул койгон топ аныкталды


Би-Би-Си корпорациясынын Лондондогу баш кеңсеси.
Би-Би-Си корпорациясынын Лондондогу баш кеңсеси.

31-декабрда британиялык Би-Би-Си корпорациясынын сайтына жасалган хакердик чабуул үчүн New World Hacking тобунун өкүлдөрү жоопкерчилик алды. Хакерлер муну менен өздөрүн сынап көргөнүн билдиришти.

Би-Би-Си кабарлагандай, аталган топ дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун интернеттеги аракеттерине байкоо салып келет. Алар дүйнөлүк желени экстремисттерден тазалоого умтулуп жатканын айтып беришкен. Хакерлер тобу 12 адамдан турары, анын 9и эркек калганы аял экени жана 2012-жылы түзүлгөнү белгилүү болду.

Жаңы жыл алдында Би-Би-Си корпорациясынын сайттары жана iPlayer кызматы бир нече саат бою ачылбай, хакердик чабуулга кабылганы жарыяланган болчу. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG