Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчүрүлөт


4 - 6-январь күндөрү Бишкектин түндүк-чыгыш райондорунда жаратылыш газына чектөө кирет. “Газпром Кыргызстан” компаниясы бул газ түтүктөрүн калыбына келтирүү иштерине байланыштуу экенин билдирүүдө. Мындан сырткары газ түтүгүндө жараканы оңдоо үчүн Алма-Ата жана Чоң Чүй каналынын айланасында дагы жаратылыш газына чектөө киргизилди.

"Газпром Кыргызстан" алдыңкы жылдарда эски газ түтүктөрүн жаңылап, 2019-жылдын аягына чейин Бишкекте 33 чакырым газ түтүкчөсүн куруп, 40 миңден ашык үй жана имаратты газ менен камсыздай турганын маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG