Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Башкы прокуратура сержантты аткан жоокердин чыгарылышына каршы арыз берди


Бишкек гарнизонунун Аскер соту эки сержантты аткан жоокерди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, башкы көзөмөл орган соттун чечимине каршы республикалык Аскер сотуна арызданды.

28-декабрда таңга маал 714-бөлүктө кароолдо турган аскер Аскар Мейкин уулу эки сержантты атып салган. Алган жаракаттан улам алардын бирөө ооруканада көз жумган. Ок жеген экинчи жоокердин абалы жакшы, ал реанимация бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которулду.

Окуя болгон күнү Улуттук гвардиянын тарбия бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Мырзабаев "Азаттыкка" кароолдо турган жоокерге кол салуу болгондуктан ал курал колдонгонун айткан эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG