Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:10

Жалал-Абад: Үйү тинтүүгө алынгандар нааразылык билдирип чыгышты


Облустун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары милиция элдин тынчтыгын бузуп, эскертүүсүз үйлөрдү тинтүүгө алып жатканына нааразы тургундар бүгүн райондук мамлекеттик акимчилик алдына арызданып келишти. Бул тууралуу Арстанбап айылынын тургуну Жасур Токтосунов “Азаттыкка” билдирди.

-Чогулган 100дөй киши 31-декабрь күнү таң эрте милиция алардын үйүн диний экстремисттик уюмга тиешеси бар деген жүйө менен эскертүүсүз тинтүүгө алып, үй-бүлөнүн тынчтыгына доо кетирүү менен айылдыктар арасында кооптонууну пайда кылууда.

Чогулгандар район бийлигине кайрылып, милициянын бул аракетине укуктук баа берүүнү суранышты. Алар менен район акими Таалайбек Долдоев жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөң соң тарап кетишти.

30 - 31-декабрь күнү облустук ички иштер башкармалыгы, УКМК жана ИИМдин 10-башкармалыгы менен биргеликте диний экстремисттик уюмга шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алып, Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда атайын операция жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында бир топ далил буюмдар табылып, теологиялык экспертиза дайындалганын облустук милициядан билдиришти. (RsK)

XS
SM
MD
LG