Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Индияда базага жашырынган согушкерлер менен атышуу уланууда


Пакистан менен чектешкен Патанкот аба базасынын аймагына кирип алган согушкерлер тобу менен салгылашуу эки күнгө созулду. Мындан эки күн мурун базанын аймагына чабуул коюп кирип келген согушкерлер тобу анын мыкты корголгон позицияларын ээлеп алышып, ал жактан ок чыгарып жатканы маалымдалган болчу.

Бул салгылашуунун жыйынтыгында кеминде жети аскер кызматкери окко учуп, өкмөттүк күчтөр төрт согушкерди жок кылышкан. Индиянын аткаминерлери бул кол салууну мурда Пакистан тараптан кирип, кол салып турган согушкерлердин аракети менен окшоштурушту. Пакистандын бийлиги бул кол салууну айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG