Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Түркия Орусиянын санкциясы боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна даттанат


Түркиянын бийлиги Орусия киргизген экономикалык санкцияларга байланыштуу Дүйнөлүк соода уюмуна даттануу үчүн материалдарды даярдай баштады. Бул тууралуу Түркиянын экономика министри Мустафа Элитас Daily Sabah басылмасына билдирди.

Анын айтуусунда, расмий Анкара учурда Москва Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузган далилдерди топтоого киришти. Анткени Москва Орусиядагы түрк компанияларынын ишмердигин чектеп, соода-экономикалык алакаларды бир тараптуу үзгөн болчу. Түркиянын экономика министри саясатка карабастан, соодада моралдык негиз болушу керектигин айтып, ишкерлер Орусиянын өкмөтүнө ишенип, өлкөгө оңой эмес өлчөмдөгү акча киргизип алып, эми ага күйүп жатышканын белгилеген.

Орусия 1-январдан тарта Түркияга карата экономикалык санкцияларды киргизип, өлкөдө иштеген түрк компанияларынын ишмердигин чектеген. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле Сирия менен чектешкен аймакта орусиялык учакты түрк аскер аба күчтөрү атып түшүргөндөн кийин кескин курчуп кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG