Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу, учурда “Ситра” футболдук клубунда ойногон Азамат Байматов Бахрейн чемпионатынын премьер-лигасынын биринчи айлампасынын жыйынтыгында четтен келген мыкты оюнчу аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Байматов буга чейин аталган өлкөнүн чемпиондугунун символикалык курамасына мүчө болгон.
Байматов "Ситра" футболдук клубунда 2015-жылдын сентябрь айынан баштап ойной баштаган. Ал 8 оюнга чыгып эки жолу гол киргизген. (ECh)