Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Индиянын түндүгүндөгү жер титирөөдөн жети адам набыт болду


Дүйшөмбү күнү Индиянын түндүгүндө 6-7 баллдык жер титирөөдөн жети адам мерт болуп, токсон киши жаракат алган.

Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, ал жер силкинүүдөн улам Мьянма менен чектешкен бир нече штаттарда кыйроолор катталган. Буга байланыштуу келтирилген зыяндын өлчөмү азырынча тактала элек.

Сейсмологдордун айтымында, жер титирөөнүн очогу Таменглог штатындагы Манипур аймагында 17 чакырымдык тереңдикте болгон. Жер силкинүүнүн оор соккулары Нагаленд, Аруначал, Прадеш жана батыш Бенгалия штаттарынын жашоочуларына да сезилген.

XS
SM
MD
LG