Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Ошто милиционердин токмоктолушу иликтенүүдө


Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок.
Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок.

Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүндө иштеген милициянын капитаны Феруз Тургунбаевдин Ошто токмоктолушу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Милиционер 4-январь күнү Ош шаардык сотунун жанында сабалган. Аны киши өлтүрүү беренеси менен камалган жарандын туугандары урганы айтылууда. Маалыматка караганда, абакка 20 жылга кесилген кылмышкердин ишин Тургунбаев тергеген.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, сабалган милиционер тергөө учурунда кыйноо колдонгон деп шектелип, сотко келген учурда ушундай жагдайга туш болгон. Ага кол салган окуяны Сулайман тоо аймактык милиция бөлүмчөсү иликтеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG