Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:47

“Газпром” түркмөн газын сатып алуудан баш тартты


Орусиянын “Газпром” ишканасы түркмөн газын сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу билдирүү “Түркмөнгаз” компаниясына келип түшкөнү жөнүндө уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Орусиялык компаниянын мындай чечими эл аралык газ рыногундагы абалга жана айрым экономикалык-каржылык маселелерге байланыштуу экени документте көрсөтүлгөн.

Буга чейин Орусиянын “Газпром” компаниясы жылына 11 миллиард метр кубдан ашуун түркмөн газын сатып алып турган. Былтыр Түркмөнстандын мунай-газ министрлиги экономикалык кризистен жана Батыш киргизген санкциялардан улам 2015-жылкы газ үчүн Москва карызын төлөй албай жатканын билдирген болчу.

Түркмөнстан мурдагы СССРдин аймагында Орусиядан кийинки эң ири газ өндүрүүчү өлкө болуп саналат. Ал Орусиядан сырткары Кытайга жана Иранга жаратылыш газын экспорттойт.

XS
SM
MD
LG