Молдова парламентинде өкмөт башчылыкка сунушталган талапкер дүйшөмбү күнү жетиштүү добуш алалбады. Премьерликке сунушталган Ион Стурзага 50 добуш жетиштүү болчу, бирок эл өкүлдөрүнүн 47си гана аны колдоду. Эми президент Николай Тимофти өкмөт башчынын кызматына башка талапкерди сунуштоого аргасыз.
29-январга чейин премьер-министр тандалбаса, парламент таратылып, жаңы шайлоо өтөт.
Молдовада саясий кризис 2014-жылдан бери уланууда. Ошол жылкы шайлоо учурунда банктан бир жарым миллиард доллар жоголуп, мунун айынан массалык нааразылыктар башталган. Андан бери премьер-министр беш жолу алмашты. Мурдагы өкмөт жемкорлукка шектелип, кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.