Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайканын үй-бүлөсүнүн кылмыштуу байланыштарын иликтеген даректүү тасма YouTube cайтынан алып салынды.
Фильмди коомдук активиcт Алексей Навальныйдын коррупцияга каршы күрөшүү фонду даярдаган болчу. Тасма 2015-жылдын 1-декабрында интернетке жарыяланып, 4 миллиондон ашуун адам көргөн.
Сайт жетекчилиги фильмди алып салууга женевалык кинорежиссер жана фотограф Даниэль Лопез-Паулланын даттануусу негиз болгонун билдирди. Режиссер муну бышыктап, фильмде ага таандык видеоматериалдар уруксатсыз колдонулганын айтты.
Алексей Навальныйдын коррупцияга каршы күрөшүү фонду тасманы блокко коюу чечимин жокко чыгаруу боюнча бүт аракет жумшаларын маалымдады. (SE)