Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ысык-Көлдөгү бала сатууга байланыштуу иш сотко өттү


Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайдын сатылышы боюнча иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

2015-жылдын 14-августунда Барскоондун төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайды коррупциялык схема менен башка бирөөгө сатып жиберүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жаңы төрөгөн келин дарыгер менен сүйлөшүп кызын чоочун аялга 50 миң сомго сатып жиберген. Бардык документтер мыйзамсыз түрдө Орусиянын жаранына катталган.

Укук коргоочулар Кыргызстанда баланы мыйзам жолу менен асырап алуу жол-жоболору татаал болгондуктан ушундай фактылар катталып жатканын белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG