Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Жоголгон жоокер боюнча сот бешинчи жолу жылдырылды


Чоң-Алайдагы Карамык өткөрүү пункту, 28-август, 2012-жыл.
Чоң-Алайдагы Карамык өткөрүү пункту, 28-август, 2012-жыл.

Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокердин апасы Майрам Бакирова кабарлады. Сот экинчи тараптын жактоочуларынын келбей калганына байланыштуу жылдырылды. Ишти Ош гарнизонунун аскер соту кароодо.

“Ар бир сот болгондо Бишкектен келем. Ушуну менен бешинчи жолу иш жылып, мени шылдыңдагандай, атайын жасалгандай болууда”, - деди Бакирова.

Чоң-Алайдагы “Карамык” чек ара бекетинде кызматта жүргөн аскер Бексултан Баардинов 23-августта жоголгон. Чек арачылар алгач анын нөөмөткө кеткен бойдон дайынсыз экенин маалымдашкан. Ош аскер прокуратурасы 14-сентябрда жоокер чек ара кайтарууга эмес, аңчылыкка жөнөтүлүп, изи табылбай калганын аныктап, кылмыш ишин козгогон. Аталган аскер бөлүктүн бардык башчылары иштен алынган. (КE/YI)

XS
SM
MD
LG