Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Казакстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлдү


Экономика министрлигинин маалыматына караганда, “Электр станциялары” ишканасы Казакстандын компаниясы менен 100 млн. кВт саат көлөмдөгү электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түздү. Бир кВт саат электр энергиясынын баасы 10,88 тенге - 2,43 сом деп бааланган. Маалыматка караганда, электр энергиясы зарылчылык чыккан шартта гана импорттолот.

23-28-декабрда ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн эле. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилген. Нарын дарыясынын боюндагы башка ГЭСтерди ишке киргизүү менен чектөө алып салынган. Аварияга учураган ГА 2 жана ГА 3 гидроагрегаттар 1974-75-жылдары ишке берилген.

Кабелдердин иштөө мөөнөтү 20-25 болсо, ал дээрлик 40 жыл иштеген. Авария болгон Токтогул ГЭСинде 20дан ашуун адистер иштеп жатат. Алардын арасында Орусиядан чакырылган эксперттер да бар. Ремонт иштерин 15-январга бүткөрүү пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG