Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Баткен: былтыр 16 миңдей тонна мөмө-жемиш аз өндүрүлдү


Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 2015-жылы жаз-жай айларында аба ырайынын жагымсыз болушунан улам Баткен облусунда 16 миң тоннадай мөмө-жемиш, эки жарым миң тоннадай жүзүм аз өндүрүлгөн. Мындан улам аймактагы айыл чарба тармагынан өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмү 5% кыскарган.

“Мөмө-жемиштердин көлөмү аз болгону менен, 2014-жылга салыштырмалуу кымбат сатылып, дыйкандар үчүн киреше бирдей эле болду”,- дейт Разаков

Облус аймагында өрүктүн 80дей түрүн тапса болот. Өрүктүн алды май айында бышса, арты августка чейин барат. Аймакта жыл сайын өрүктөн түшкөн киреше 5 млрд. сомго чейин жетери айтылып келет. (JsA/КЕ)

XS
SM
MD
LG