Полиция Испаниянын түштүк аймагына багытталган үч тонна кокаинди аткезчилерден таап чыкты. Маңзат ташыган аткезчилерди кармоо операциясы өлкөнүн Түндүк-батышындагы Галисия аймагында жүргүзүлдү. Мына ушундай чоң өлчөмдөгү маңзат партиясы акыркы жолу 1999-жылы кармалган. Операциянын жүрүшүндө маңзат ташыгандар, сатуучулар жана алуучулар бир учурда колго түшүрүлгөн. Бул кокаин маңзатын ташыгандар испандыктар, саткандар голландиялыктар жана сатып алуучулар британиялыктар болуп чыкты. Бардыгы болуп бул ири маңзат соодасына байланыштуу 12 адам тузакка илинген. Полиция бул маңзат мафиясынын изине кандайча түшүп калганын толук жарыялаган эмес.