Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууда жемкорлук кылган деп айыпталып жаткан экс-депутат Акматбек Келдибековдун иши 11-январь күнү Бишкек шаардык сотунда каралат. 25-декабрдагы отурумда иш аягына чыккан эмес. Бул тууралуу анын адвокаты Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди.
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков мамлекеттик кызматта турган кезде жемкорлук кылган деп, 2013-жылдын күзүндө кармалган. 2015-жылы ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны коррупция боюнча айыптоодон актап, бирок парламенттин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууда кызмат абалынан пайдаланган деп, 3 миллион сом айып пул салган.
Азимбек Бекназаров өкүлчүлүк ачуу боюнча чечимди жалпы парламент кабыл алганын айтып, Келдибеков толук акталууга тийиш экенин белгилеп келет. Бирок прокуратура соттун өкүмү жумшак болду деп, Келдибековду коррупция боюнча айыптоону талап кылууда. (SE)