Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

АКШда Атлантага жакын жерден барымтадагы 11 бала бошотулду


Балдарды бычак менен коркутуп, барымтага алган белгисиз ал адам полициянын атайын операциясы учурунда оор жараат алды. АКШнын Жоржия штатынын Декалб графтыгындагы Атланта шаарына жакын жердеги мейманканадан балдарды барымтага алган белгисиз адамды полиция зыянсыздандырды.

Кооптуулук сигналы аркылуу мейманканага келген полиция менен барымтачынын ортосундагы тирешүү бир нече саатка созулган. Ал бир топко чейин сүйлөшүүгө келбей, барымтадагы балдарга бычак урам деп коркуткан. Полиция чабуул жасаган учурда барымтачы өзүнө-өзү бычак урган. Полиция анын балдарды барымтага алуу себеби тууралуу маалымдаган эмес.

XS
SM
MD
LG