Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов кызматтан кетүүгө арыз жазбаганын “Азаттыкка” билдирип, бул боюнча башка комментарий бере албастыгын айтты.
Жалалов 5-январда отставкага кетерин жарыялап, калаа бийлигинде иштегендер менен коштошкону тууралуу интернет булактарында кабар чыгып, муну мэрияда иштегендер да бышыктаган болчу. Бирок ал маалыматты Жалалов өзү четке кагууда.
Жалалов 2013-жылы Баткен шаарынын мэри болуп шайланган. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын 18и аны колдогон. (SE)