Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Кытайда Мао Цзэдунга эң чоң алтын эстелик тургузулду


Кытайдын Хэнань провинциясында Мао Цзэдундун 37 метрлик алтын жалатылган эстелиги орнотулду. Кытай коммунисттеринин жол башчысынын урматына коюлган бул чоң эстеликтин курулушун жергиликтүү ишкерлер каржылаган. Жергиликтүү маалымат каражаттары ага болжол менен 3 миллион юань, же болбосо 460 миң АКШ доллары жумшалганын жазып чыкты. Маонун монументи айыл чарба талаасынын ортосундагы бийик дөңсөөгө тургузулган. Хэнань провинциясы Маонун жүргүзгөн саясатынын негизинде 1950-жылдардагы оор ачкачылыктан жабыркаган өлкөнүн ири аймактарынын бирине кирет. Кытайдын азыркы лидери Си Цзинпинь Мао Цзэдундун саясатындагы чоң кемчиликтерге карабастан аны улуу тарыхый инсан деп эсептей турганын айткан.

XS
SM
MD
LG