Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

"Реал-Мадридди" эми Зидан машыктырат


Испаниянын "Реал-Мадрид" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп даңазалуу футболчу Зинедин Зидан дайындалды. Дүйшөмбү күнү кечинде бул кызматтан испаниялык Рафаэль Бенитес алынган. Зидан 2001-жылы "Реалга" ал кездеги рекорддук 75 миллион евролук келишим менен келип, анда 2006-жылга чейин ойногон. Клубдаштары Луиш Фигу, Рональдо, Дэвид Бэкхем, Роберто Карлос жана Рауль менен бирге «Галактикос» же "Жылдыздар командасы" деген атка конгон. 2001-2002-жылкы сезондо анын финалдык оюндагы голу "Реалга" Чемпиондор Лигасын жеңүүгө көмөктөшкөн. 2003-жылы Зидан үчүнчү жолу ФИФАнын эң мыкты футболчусу деген наамына татыган. Франция улуттук командасынын курамында дүйнөнүн жана Европанын чемпиону болгон. Бир нече жылдан бери мурдагы машыктыруучу Карло Анчелоттинин жардамчысы болуп иштеп, андан кийин "Реалдын" жаштар канатын даярдоо менен алектенген. Ошол эле маалда адистер анын машыктыруучулук тажрыйбасы жокко эсе деп белгилешет.

XS
SM
MD
LG