Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37

Былтыр 111 киши өрттөн тирүү калган


Өрттөн кийин.
Өрттөн кийин.

Ал эми өрттөн 43 адам каза тапкан, анын ичинде төртөө жаш балдар, 58 киши жабыркаган, жетөө жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыл жыйынтыгы тууралуу маалыматында айтылат.

Ага ылайык, өткөн жылы жалпы өлкө боюнча 3932 өрт кырсыгы катталган. Өрт келтирген материалдык зыяндардын көлөмү 296 млн. сомду түзсө, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан сакталып калган материалдык-товардык баалуулуктардын баасы 1,1 млрд. сом.

Өткөн жылы өрт кесепетинен 99 автоунаа, 4,5 тонна тоют, 64 баш бодо мал, 54 курулуш жок болгон.

Өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби – өрт коопсуздугу сакталбагандыгында.

Өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталып,16 адам каза болгон, Бишкек шаарында 828 өрт катталып, 8 адам каза тапкан. Ош облусунда 535 өрт катталып, 3 киши каза болгон, Жалал-Абад облусунда 512 өрт кырсыгы катталып, 5 адам каза болгон, Ысык-Көл облусунда 344 өрт кырсыгы катталып, 4 адам каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG