Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

№3 ооруканага түшкөн балдарды апасы чыгарып кетти


6-январда Бишкектеги №3 ооруканага бир тууган балдар сабалды деген шек менен түшкөн. Балдардын бири үч жашта, эжеси алты жашта. Балдар Аламүдүн районунун Үмүт айлынан апкелинген.

“Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, дарыгерлер балдардын денесинде көгала тактары бар экенин айтышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча балдардын башы жабыркаган эмес.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG