Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:34

Орусия кыргызстандыктарды жол салууга бекер окутат


Кышкы жол.
Кышкы жол.

Бул боюнча келишим жаңы жыл алдында Хабаровск шаарында кабыл алынды. Келишимге Кыргызстандын аймактагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев жана Ыраакы Чыгыштагы унаа жолдору университетинин ректору Юрий Давыдов кол коюшту. Ага ылайык жыл сайын 100дөн ашык кыргызстандык студенттер темир жол жана унаа жолдорун, тешкен тоо, көпүрөлөрдү куруу боюнча аталган окуу жайдан акысыз билим ала алышат. Окуу жай жатакана менен камсыздап, жакшы окуган улан-кыздарга стипендия төлөп бермекчи. Ыраакы Чыгыштагы унаа жолдору университетинде учурда 30дан ашык кыргызстандык жаштар акысыз окуп жатышат.

Окуу жайдын 80 жылдык тарыхы бар, анда унаа жолдорунун бардык түрүн куруу, уюштуруу жана башкаруу боюнча адистер даярдалат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG