Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Ошто Сириядан келди деп шектелген төрт киши камакка алынды


Кармалгандардан алынган курал-жарактар.
Кармалгандардан алынган курал-жарактар.

24-декабрда Кашкар-Кыштак айлындагы окуядан кийин 17 киши камакка алынган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын ичинен төртөө Сирияга барып келгени аныкталган. Бул тууралуу Ош ИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 20 жаштан 35 жашка чейинки төрт киши Сирияда атайын даярдыктан өтүп келишкен:

-Алардын бири 27 жаштагы Абдулазиз Исмаилов Түркиядан Сирияга кирип чыгып турган. Ал Сириядагы жихад жөнүндө маалыматтарды кыргызстандыктарга таратып турган. Кыргызстандыктарды жихадга үгүттөгөн. Ошол эле учурда Кыргызстанда улуттар аралык мамиле аркылуу, мусулмандарга мамиле аркылуу коомчулукта ызы-чуу жаратса болору тууралуу атайын бир берене иштеп чыккан. Бул маалыматтардын баары анын жанындагы компютерден чыкты.

Аширбаевдин кошумчалоосу боюнча, кармалгандардын бардыгы Сирияда үч айлык даярдыктан өтүп, жардыргыч заттарды жасоонун жол-жоболорун өздөштүрүп келгендер.

“Сириядан келди” деген шек менен камалгандардын биринин адвокаты “милиция жок жерден жалаа жапты”, деп айрым маалымат каражаттарына кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG