Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Астана Сауд Арабия менен Иранды мунасага чакырды


Тегеранда Сауд Арабиянын элчилигине кол салуу учуру.
Тегеранда Сауд Арабиянын элчилигине кол салуу учуру.

Казак бийлиги Сауд Арабия менен Ирандын алакасы чыңалып жатканына тынчсызданууда. Бул жагдай аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка коркунуч жаратары жана эл аралык террорчулуктун күчөшүнө алып келери Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Анда расмий Эр-Рияд менен Тегеранга жана башка таасирдүү мамлекеттердин жетекчилерине абалдын мындан ары да курчуп кетишине жол бербөөгө чакырык ташталган. Тараптар сүйлөшүү аркылуу пикир келишпестикти жөнгө салууга тийиш деп жазылган. Ошол эле маалда Астана элчиликтерге болгон кол салууну айыптады.

Сауд Арабияда 2-январда шиит динаятчысы Нимр ан-Нимр менен террорчулук үчүн күнөөлөнгөн 46 адам өлүм жазасына тартылган соң Иранда массалык нааразылыктар чыгып, жарандар Эр-Рияддын Тегерандагы элчилигине жана Мешхеддеги консулдугуна чабуул жасашкан. Мындан улам Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык мамилени токтоткон. Андан соң Кувейт, Йемен, Мисир, Бириккен Араб Эмирлиги, Судан жана Бахрейн да Тегеран менен алакасын үзөрүн жарыялашкан. Кувейт болсо Ирандагы элчисин чакыртып алды.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сауд Арабиянын Ирандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кол салууну сынга алып, эки тарапты көйгөйдү тынчтык жол менен чечүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG