Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Токио менен Сеул Пхеньянды айыптады


Түштүк Корея менен Жапония Түндүк Кореянын суутек бомбасын сыноосуна байланыштуу Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылышты. Мындан тышкары Токио менен Сеул Пхеньянды “жазалоо” үчүн биргелешип чара көрөрүн жарыялады. Вашингтон Түндүк Кореянын бул кадамы жоопсуз калбоого тийиш деп билдирди.

Түндүк Кореянын региондогу өнөктөшү - Кытайдын тышкы иштер министрлиги болсо сыноо даярдалып жатканынан күн мурунтан кабардар болбогонун ырастооодо. "Бээжин Пхеньяндын мындай аракеттерине каршы", - делинет тышкы мекеминин билдирүүсүндө.

Бүгүн Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы суутек бомбасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн маалымдаган. Эгер бул маалымат чын болсо анда Түндүк Корея ушуну менен төртүнчү жолу ядролук сыноо өткөргөн болот.

Түндүк Корея 2005-жылы өзүн ядролук держава деп жарыялаган. 2006, 2009 жана 2013-жылдары жер астынан ядролук сыноо жүргүзүп, эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган. 2013-жылкы сыноодон кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши өлкөгө киргизилген санкцияларды дагы катаалданткан.

XS
SM
MD
LG