Ирак тышкы иштер министри Ибрагим ал-Жафари Багдад Сауд Арабия менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык кризисти чечүүдө ортомчу болууга ниеттенип жатканын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн Тегеранда Иран тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен жолугушкан учурда айтты.
Зариф болсо Тегеран аймактагы чыңалууну жоюуга аракет кылып келгенин айтып, "Абалды курчутуу бийликти эмес, алсыздыкты көрсөтөт", - деди. Иран медиасы Ирак тышкы иштер министри тирешүүдөн диалогго өтүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарылдыгын айтканын жазууда.
Сауд Арабия менен Ирандын алакасы кескин курчуп кетишине террорчулукка айыпталган шиит аалымы Нимр Бакр ал-Нимрди Эр-Рияд 2-январда өлүм жазасына кесиши себеп болду. Исламдын шиит агымын карманган Иранда буга нааразы болгондор 3-январда митингге чыгып, жаалданган топтун бир бөлүгү Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигине бастырып киришкен. Алар элчилик имаратына таш ыргытып, өрт коюуга да үлгүрүшкөн.
Бул окуядан соң Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык алака-катыш токтотулганын жарыялаган.