Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 миллион сомго жакын каражат чогулду


Жер титирөөдөн Чайчы айылы катуу жабыркады, 17-декабрь, 2015-жыл.
Жер титирөөдөн Чайчы айылы катуу жабыркады, 17-декабрь, 2015-жыл.

Ноябрь айындагы жер силкинүүдөн жабыркаган Ош облусундагы тургундарга ачылган атайын эсепке түшкөн акча 49 миллион 987 миң сомду жана 130 399 АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

17-ноябрдагы күчү 7 баллга жакын жер титирөөдө Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагында 177 үй жараксыз деп табылган. Силкинүүнүн очогу Чайчы кыштагында катталган. Жүздөн ашуун үй-бүлө көчмө темир үйлөргө киргизилген.

Жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар Кыргыз инвестициялык кредиттик банктын (KICB) Оштогу бөлүмүндө ачылган атайын эсепке акча которо алат.

Эсеп номуру: 1280036023646355, БИК 128003 (SE)

XS
SM
MD
LG