Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташкандай, электрондук база дары-дармектер Кыргызстанда кандай пайдаланып жаткандыгын маалымдап турууга арналган. Министрлик 5-январда Мамлекеттик каттоо кызматы менен электрондук база түзүү маселесин чогуу талкууга алып, аны биргелешип түзүү боюнча макулдашууга жетишти.
Дары-дармектердин бирдиктүү электрондук базасы түзүлсө, аны сатып алуулар ачык болот. Дары-дармектерди өз убагында алып келип сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, жасалма дарылардын өлкөгө ташып киришине жол берилбестигин саламаттыкты сактоо министрлиги ырастоодо.
Кыргызстандын дары-дармек базары саламаттыкты сактоо тармагына таасири бар айрым гана адамдарга тиешелүү, оорулууларга атайын кымбат дарылар сатылат, деген нааразылыктар арбын айтылып келет.(ZKo)