Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Кыргызстандын ФИФА рейтингиндеги орду жакшырды


Кыргызстан футболчуларынын Тажикстан курама командасы менен беттешүүсү, 8-октябрь, 2015-жыл.
Кыргызстан футболчуларынын Тажикстан курама командасы менен беттешүүсү, 8-октябрь, 2015-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФА рейтингинде бир тепкичке жогорулады.

7-январда жарыяланган рейтингде Кыргызстан 107-орунга жайгашкан. Бир ай мурда кыргыз курамасы 108-катардан орун алып 2006-жылдагы рекордду жаңылаган эле (119-орун).

2015-жылдын 3-декабрынан 2016-жылдын 7-январына чейин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы расмий беттештерге катышкан эмес. Өзгөрүү Корея Элдик Демократиялык Республикасынын бир ай мурдагы рейтингдеги 105-катардагы ордун сактай албай калгандыгына байланыштуу болгон.

2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринин экинчи баскычында Кыргызстандын атаандаштары Австралия 2 тепкичке ылдыйдап 59-, Иордания бир тепкичке жогорулап 86-, Тажикстан өткөн айдагы ээлеген ордун сактап 146-, Бангладеш үч тепкичке ээлеген ордун жакшыртып 179-орунду ээледи.

Азиялык футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан ушул учурда 13-орунда. ФИФА рейтингинде Бельгия, Аргентина жана Испания курама командалары көч башында келатышат.(ECh)

XS
SM
MD
LG