Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Мамлекеттик кызматкерлердин декларация өнөктүгү башталды


Жогорку Кеңеш депутаттары.
Жогорку Кеңеш депутаттары.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткандардын киреше жана чыгашаларын аныктоо боюнча декларация толтуруу өнөктүгү ушул айда башталды. Бул тууралуу 7-январь күнү Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон учурда билдиргенин өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Эреже боюнча өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар жана район башчылары, жергиликтүү аткаминерлер, депутаттар киреше жана чыгашасын көрсөтүшү керек. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин жакын туугандарынын мүлкү тууралуу маалыматтарды да камтыган декларация тапшырылат. Декларант киреше табуунун булагын көрсөтүүгө милдеттүү.

Кыргызстанда мындай өнөктүк 2005-жылдан бери жыл сайын жүргүзүлөт. Кээ бир миллионер деп айтылгандардын документке түшкөн байлыгы бир машине жана бир үй деп көрсөтүлгөн учурлар да кездешет. (SE)

XS
SM
MD
LG