Злитан шаарындагы полициячыларды даярдаган борбордо жардыруу болгон учурда жүздөгөн жаңыдан кызматка алынгандар болгону такталды. Такталган маалыматтар боюнча жардыруудан 65 адам мерт кетип, ондогон адамдар жараат алган.
Террористтер полициянын машыктыруу борборуна жакын жерге ичине жардыруучу зат толтурулган автоунааны токтотуп, ал бир учурда сырттан жардырылганы кабарланды. Бул жардырууга жоопкерчиликти азырынча эч кайсы уюм өзүнө ала элек.