Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:16

Кочкордо козу карын консервасына ууланган учур катталды


Козу карын. Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок.

Алардын үчөө Кочкор райондук ооруканасында жатат, калгандары Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасына жеткирилген. Ошондой эле Тогуз-Тородо консервага ууланган беш киши Нарындагы аймактык ооруканага жаткырылган, бири эки жаштагы бала. Бул тууралуу Бишкектеги жугуштуу оорулар республикалык бейтапкананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев “Азаттыкка” билдирди.

Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасына Кочкордон жана Тогуз-Тородон оор акыбалда 14 киши жеткирилген. Алардын бешөө реанимацияда, абалдары оор экендиги маалымдалууда.

Келген кабарларга караганда, Кочкордон келгендер козу карын консервасы кошулган салаттан ууланышкан. Жабыркагандардын айтымында, консерва дүкөндөн сатылып алынган.(UEz/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG