Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында укук коргоо органдары тарабынан үйлөрү тинтилген жарандар нааразылык билдирип 5-январь күнү айыл борборунда тынчтык акция өткөргөн. Эми аны уюштургандарды тартип сактоо органдары жана район акими коркутууга алып жатат. Бул тууралуу акцияны уюштуруучулардын бири Жасур Токтосунов "Азаттыкка" билдирди:
-Кимдир бирөөлөр атама телефон чалышып, балаңыздын артынан адам койдук, өз орду менен жүрсүн деп эскертишиптир. Ал эми район акими да иниме чалып нааразычылыктарды токтотууну айтып, болбосо башкача кадамдарга барарын айтыптыр.
Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Долдоев бул маалыматты четке какты. Анын айтуусунда, жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (RsK)