Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

ИИМ: Алты жашар кыздын зордукталганы тастыкталган жок


Токмокто жоголуп кайра табылган кыздын сексуалдык зомбулукка кабылганы тастыкталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда алты жашар кыздын жоголуу себептери иликтенүүдө.

Токмок шаарында алты жаштагы кыз 6-январь күнү кечки саат 17:00 чамасында үйдөн чыгып, кайра келген эмес. Ата-энеси милицияга кайрылып, издөө иштеринин натыйжасында кыз жер төлөдөн табылган. Алдын ала маалыматтарда кыз зордукталган болушу ыктымал деп берилген. Милиция иликтөөнүн жүрүшүндө кызды саат 19:00 чамасында белгисиз эркек киши жер төлөгө алып кирип, таштап кеткенин аныктаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG