Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Баткенде жол курууга 36,2 млн. доллар сарпталат


Баткендеги Ак-Сай-Көк-Таш жолунун курулушу.
Баткендеги Ак-Сай-Көк-Таш жолунун курулушу.

Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, 2015-жылы Баткен облусунун аймагында жолдорду куруу үчүн чет өлкөлүк гранттар жана кердиттерден 36 млн. 205 миң АКШ доллар каралган. Өкмөт өкүлүнүн айтуусунда, бул каражаттын көпчүлүгү жумшалды. Ушул тапта дагы курулуп жаткан жолдор бар.

Мындан тышкары чек арадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн республикалык бюджеттен каржыланып курулган Бел-Бөжөй, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык, Ак-Сай–Рават жолдорунун курулушу аяктап, каттамга берилген.

2014-жылы Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап каршы чыгып, чек арада бир канча жолу жаңжал чыккан. Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык ондон ашуун жолугушуулардын натыйжасында жол куруу аягына чыгарылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG