Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Швеция "Европанын ачык эшигин" жапты


Германия чек арасындагы качкындар, 1-ноябрь, 2015.
Германия чек арасындагы качкындар, 1-ноябрь, 2015.

Швеция Мальме шаарын Даниянын баш калаасы Копенгаген менен байланыштырган Эресунн көпүрөсүнө соңку элүү жылда алгач ирет чек ара көзөмөлүн орнотту. "Европанын ачык эшиги" деп эсептелип келген көпүрөгө көзөмөл коюлушуна качкындардын агымы көбүйүп кетиши себеп болду. Өткөн жылы эле Швецияга 160 миңдей мигрант-бозгун кирген.

Сирия, Ирак, Ооганстан жана Түндүк Африкадан чыккан миңдеген качкындар Европага кирген соң андан ары Скандинав өлкөлөрүнө өтүп кетүүгө аракет жасоодо. Мындан улам былтыр Финляндия кеме аркылуу Германиядан келчү жүргүнчүлөр үчүн жаңы виза эрежесин киргизүүгө мажбур болгон.

Германия бийликтери өткөн жылы өлкө миллиондон ашуун качкынды кабыл алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG