Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Париждеги чабуулга шектелгендердин "манжа изи" табылды


Париждеги жардырууларга шектелгендер.
Париждеги жардырууларга шектелгендер.

Бельгия бийликтери бүгүн полиция Брюсселдеги үйлөрдүн биринен Париждеги террордук чабуулга шектелген Салах Абдесалам колдонушу ыктымал деген буюмдарды тапканын кабарлады. Табылган үч жанкечти куруна жана башка жардыргыч заттарга бир канча адамдын манжаларынын изи түшкөнү аныкталды. Бул буюмдар табылган батирди бирөө жалган ысым менен ижарага алганы да белгилүү болду. Ал Париж чабуулдарына тиешеси бардыгы шектелген он адамдын бири болушу мүмкүн.

Салах Абдесалам өткөн жылдын 13-ноябрында Парижде 130 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарга шектелип, издөө салынган.

Франция баш калаасында чабуул жасаган үч жанкечтинин бири - Брахим Абдесаламдын бир тууганы болгон. Бул террордук чабуул үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG