Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Милиция: Кызыл-Кыяда ок атышкандар көмүр саткан соодагерлер


Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөтчү кызматкери Замирбек Ташов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, бул окуя көмүр саткан соодагерлердин өз ара чатагынан келип чыккан. Ок желим ок тапанчадан атылган. Учурда аткандарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн саат 17:15 чамасында Кызыл-Кыя шаарында банктардын биринин алдында ок атылып, бир киши жаракат алган. Жарадар болгон адам ооруканага жеткирилген. Анын абалы туруктуу деп айтылууда. Атылган октун бири токтоп турган кичи автобуска да тийген. Автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр баары аман-эсен экени айтылууда.(YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG