Евробиримдик менен кол коюлган келишимге ылайык, 2016-жылдын июнь айынан тартып, Түркия Евробиримдикке мүчө эмес мамлекеттердин жарандары үчүн виза тартибин киргизет. Бул тууралуу “Азаттыктын” азербайжан кызматы жазды.
Маалыматка караганда, Түркия виза режимин киргизүүчү өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Тажикстан жана башка өлкөлөр бар. Виза тартибин киргизүү Евробиримдиктин талабы деп айтылууда, анткени, 2016-жылы күзүндө Түркия биримдикке мүчө өлкөлөр менен жеңилдетилген виза тартибине өтмөкчү.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, азырынча Түркия тараптан бул тууралуу расмий маалымдоо боло элек. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматка түшүндүрмө беришкен жок.
Түркия 1991-жылы Кыргызстанды эгемен мамлекет катары биринчилерден болуп тааныган. Эки өлкөнүн соода-экономикалык, гуманитардык-маданий карым-катышын күчөтүү максатында, жарандарынын ортосунда виза тартиби жеңилдетилген. Кыргызстандыктар Түркияда визасыз 90 күнгө чейин жүрө алышат.(ZKo)