Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Иранда Сауд Арабияга каршы нааразылыктын жаңы толкуну чыкты


Иран -- Тегерандагы нааразылык акция, 8-январь, 2015.
Иран -- Тегерандагы нааразылык акция, 8-январь, 2015.

Бүгүн Тегеранда жума намаздан кийин миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгып, Сауд Аравияда шиит аалымы ал-Нимр өлүм жазасына кесилишине нааразылык билдирди. Иран маалымат каражаттары мындай акциялар өлкөнүн башка шаарларында да өткөнүн кабарлады.

Сауд Арабия менен Ирандын алакасы кескин курчуп кетишине террорчулукка айыпталган шиит аалымы Нимр Бакр ал-Нимрди Эр-Рияд 2-январда өлүм жазасына кесиши себеп болду. Исламдын шиит агымын карманган Иранда буга нааразы болгондор 3-январда митингге чыгып, жаалданган топтун бир бөлүгү Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигине бастырып киришкен. Алар элчилик имаратына таш ыргытып, өрт коюуга да үлгүрүшкөн.

Бул окуядан кийин, дүйшөмбү күнү Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык мамилесин токтотконун жарыялаган. Эр-Рияддын бул чечимине тилектештик иретинде башка бир канча араб өлкөлөрү да Иран менен дипломатиялык мамилесин токтоткон.

XS
SM
MD
LG