Пхеньян Түштүк Корея менен чек ара тилкесинде үгүт-насаат айткан үн күчөткүчтөрүн кайра иштетти. Бул тууралуу Түштүк Корея куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү кабарлашты. Түндүк Корея үн күчөткүчтөрүн түштүк тараптан ушундай уктуруу башталгандан төрт сааттан кийин иштеткен.
6-январда Пхеньян суутек бомбасын сыноодон ийгиликтүү өткөргөнүн жарыялаган. Буга жооп иретинде Сеул бүгүн чек арада үгүт уктуруусун баштоону чечип, аскерлер түндүк тарапка багытталган үн күчөткүчтөрдөн жергиликтүү ырчылардын кей-поп үлгүсүндөгү тандалма ырларын жаңыртууда. Айрым ырларда Түштүк Корея гүлдөп өнүгүп жатканы, жашоо жакшырып, адамдардын өмүрү узарганы баяндалат. Музыкалык сынчылардын баамында, түндүк кореялык аскерлердин эсинде кыттай уюп калгыдай стилде жазылган үгүт ырлары тандалган. Үн күчөткүчтөн жаңырган музыка 20 чакырым аралыкка чейин угулат.
Эки өлкө ортосунда мындай ыкма буга чейин да колдонулуп, кийинчерээк эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде токтотулган эле.