Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:50

Кара-Көл: ашканадан маңзат жана курал табылды


Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы ашканалардын биринен 48 килограмм марихуана жана ТОП-8 үлгүсүндө сайлуу эки ок атуучу курал табылды. Бул жай 46 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык экенин облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

7-январда оперативдүү маалыматын негизинде милиция шектүү жаранды кармаган. Калган шериктерин издөө уланууда. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (RsK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG