Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Сасык тумоо менен ооругандар көбөйүүдө


Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин “Азаттыкка” айтымында, жыл башынан бери, бир жумада сасык тумоолоп кайрылгандардын саны 2400дөн ашты. Алардын 800дөн ашууну ооруканага жаткырылган. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү балдар.

- Кечээ эле бизге 305 адам кайрылса, алардын 129у сасык тумоо менен келген. Бир күндө эле Бишкектеги ооруканага 54 адам жаткырылды. Негизинен баары балдар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, былтыр ушул маалда сасык тумоолоп кайрылгандардын саны быйылкыдан дээрлик эки эсеге аз болгон. Ооруга каршы 24 миңден ашуун доза вакцина сатылып алынып, өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларга жөнөтүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG