Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Чүйдөгү жол кырсыгы үч кишинин өмүрүн алды


Жол кайгуул кызматынын маалыматына караганда, 8-январда Бишкек-Торугарт айланма жолунун 56-чакырымында “Тайота-Виш” автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги бакты сүзүп алган. Натыйжада айдоочу менен 54-25 жаштагы эки жүргүнчү мерт кеткен. Төртөө ар кандай жараат алып, Токмок шаардык ооруканага жаткырылды.

Окуя боюнча экспертиза өткөрүлүп, тергөө-иликтөө иштери башталды.

2015-жылы Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Кырсыктан мерт болгондордун саны 800дөн көп. Жараат алгандары 7594 адам. (КЕ)

XS
SM
MD
LG