Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Аба ырайы: 10-январда жаан жаабайт


Жаңы конуш, Бишкек
Жаңы конуш, Бишкек

10-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10 градус жылуу болот.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градус жылуу.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүзү 1…6 градус жылуу.

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градуска чейин төмөндөйт.

10-январда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2 градус суук, күндүз 10…12 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG